08:40, 15 мая 2019, 24.kg

Экс-депутат Музаффар Исаков 7 жылга соттолду

Жалал-Абад облустук соту парламенттин экс-депутаты Музаффар Исаковду жети жылга камап, үй-мүлкүн конфискациялоо жөнүндө чечим чыгарды. Бул тууралуу «Азаттыкка» аны айыптагандардын бири, укук коргоочу Анарбай Орозов билдирди.

Облустук соттун басма сөз кызматы чечим 14-майда чыкканын, толугураак маалымат шаршембиде берилерин маалымдады.

Башкы прокуратура 2017-жылы Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковго «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ага «2010-жылдан 2015-жылга чейин Сузактагы Таш-Булак айыл аймагынын башчысы болуп турганда архитектура жана Мамлекеттик каттоо органдары менен келишип алып, 14 гектардан ашуун айыл чарба багытындагы жерди жеке менчик турак жай курууга бөлүп берүү тууралуу 315 мыйзамсыз токтом чыгарган» деген айып коюлган. Исаков мандатын 2018-жылдын 24-декабрында тапшырган.

Жалал-Абаддын Сузак райондук соту ага коюлган «Коррупция» беренесин «Жер мыйзамдарын бузуу» беренесине которуп, 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен жети жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18