16:48, 14 мая 2019, 24.kg

Билим берүү министрлигин балдарды манкуртка айландырып жатат деп айыпташты

«Билим берүү жана илим министрлиги китептерди катасы менен чыгарып, одоно кылмыш кылып жатат», -деп КМУУнун география, туризм факультетинин деканы Рыскүл Токторова укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча парламенттик комитеттин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, окумуштуулар айрым китептер жарыкка чыга электен мурда эле каталарын таап чыгышкан.

«Биздин арыздарга эч ким көнүл бурган жок. Балдар үчүн китептер жарыкка чыкты. Биз грамматикалык каталар тууралуу кеп кылбай эле коелук, ал мындай турсун мазмуну, ыкмасы, китептердин илимий корутундусу тамыранан бери туура эмес жазылган. Ар бир баракта каталар. Эмне себептен азыркыга чейин катасы бар китептерди алып салышкан жок? Бул келечекке карата одоно кылмыш. Биз балдарды манкуртка айландырып жатабыз», -деди ал.

Эске салсак, былтыр сапатсыз жана колдонууга жараксыз болгон китептер басылып чыгарылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18