16:21, 14 мая 2019, 24.kg

Сузакта сабалган 2 жашар кыздын апасы Орусиядан келди

Жалал-Абад облустук ооруканасына сабалган 2 жашар кыздын апасы Орусиядан келди. Бул тууралуу облустук бейтапкананын балдар дарыгери билдирди.

Дарыгердин айтымында, кыздын апасы 14-майда таңга маал саат 5терде келген.

«Ал кызынын абалын көрүп көпкө чейин ыйлады. Биз аны 2 саат сайын киргизип турабыз. Орусияга ушул жылдын январь айында кеткенин айтып берди. Азыр эшикте кызына кирчү убакытты күтүп турат. Ал эми энеси менен эмне деп сүйлөшкөнүн, ортодо чыр чыкканын же чыкпаганын биле алган жокпуз», — деди дарыгер.

Эске салсак, Жалал-Абад облустук милициясы наристенин сабалышы боюнча кылмыш ишин козгоду. Күбөлөрдүн айтымында, чоң энеси ооруканада. Аны наристе жаткан жандандыруу бөлүмүнө киргизишкен жок. Ал кызды башка соккон жокмун деп айтууда. Анын билдирүүсүнө караганда, кыз тепкичтен кулап, башынан жаракат алган.

 



Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18