17:55, 14 мая 2019, 24.kg

Токмокто кылмышка шектүү 2 жаран өздөрүн пластик кашыктары менен кескилешкен

Токмоктогу убактылуу кармоочу жайда 2 шектүү өздөрүн пластик кашыктары менен кескилешкен. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган факт боюнча текшерүү жүрүүдө. Каракчылык менен кол салууга шектүү жаран менен баңгизатын мыйзамсыз сактоо боюнча айыпталып жаткан жаран убактылуу кармоочу жайдан нааразычылык катарында колдорун кашык менен кескилешкен.

Жабырлануучуларга дароо медициналык жардам көрсөтүлгөн. Керектүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18