15:02, 14 мая 2019, 24.kg

Депутат: Кумаркананы органдын адамдары калкалайт

Бардык көмүскөдө иштеп жаткан кумарканаларды органдын адамдары калкалап турат. Чоң күчтөр бар. Аларды текшерген адамдар өздөрү көзөмөлдөшөт. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун эфиринде Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов билдирди. 

13-майда Ош шаарында көмүскө иш жүргүзгөн кумаркана деп айтылган мекемени тартып жаткан учурда «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаков жана «Нур» телеканалынын кабарчысы Даткабек Шабданбек уулуна кароолчулар кол көтөргөн.

Журналисттер Ош шаарындагы «Делюкс» мейманканасынын капталында жайгашкан мекемени тартууга барышкан. Буга ири суммада акчасын уттуруп жиберген баланын ата-энесинин кайрылганы себеп болгон.

Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тартып казино жана башка кумар оюндарына тыюу салынган. 2015-жылдын 29-апрелинен тартып букмекер кеңселерине, тотализаторлорго чектөө коюлган. Тыюу салынганына карабай, кумар оюндары Интернет аркылуу ойнолуп жатканын Жогорку Кеңештин айрым депутаттары айтып жүрүшөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18