13:39, 14 мая 2019, 24.kg

Казакстанда терроризм шеги менен Сириядан кайткан 20 киши кармалды

Сириядан Казакстанга кайткан 20 казакстандык террордук иш-аракеттерге катышы болушу мүмкүн деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Ержан Ашыкбаев билдирди.

«16 эркек жана 4 аял Нур-Султан, Атырау, Орал, Актөбө, Караганды жана Шымкент шаарларындагы террордук иш-аракеттерге катышы болушу мүмкүн деген шек менен кармалды. Калган 55 аял жана балдар атайын ребилитациялык борборлорго жайгаштырылды. Азыр медициналык текшерүүдөн өтүп жатышат, карантин жарыяланган, алар менен психологдор иш алып барууда, тек-жайын тактай турган документтерин калыбына келтирүү маселелери колго алынды, террордук иштерге катышы бар-жогун аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат», — деди Ержан Ашыктабев.

Казакстан ТИМинин өкүлү террордук иш-аракеттерге катышкандар, өлкө мыйзамдарына ылайык, жоопко тартыларын билдирди. Ержан Ашыкбаевдин айтымында, «Жусан» атайын операциясынын алкагында 7-9-май аралыгында Сириядан Казакстанга 230 казакстандык жеткирилген. Бул АКШ менен «Сириянын демократиялык күчтөрүнүн» колдоосу менен ишке ашкан.

2018-жылы июль айында Казакстан Улуттук коопсуздук комитети Жакынкы Чыгышта согуш башталгандан бери Сирия менен Иракка Казакстандан 800дөй киши кеткенин кабарлаган. Эл аралык террордук уюмдардын катарында 120 казакстандык эркек, 250 аял жана 500дөй жашы жете эле бала бар.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18