11:28, 14 мая 2019, 24.kg

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулу муктаждарга даректүү түрдө жетпей келет

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулу муктаждарга даректүү түрдө жетпей келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева шаардын четиндеги «Ак- Бата», «Ак—Жар» конуштарына барып, жөлөк пул маселесине байланыштуу элдин пикирин угуу маалында айтылды.

Маалыматка ылайык, калктын дээрлик 60 пайызы тиешелүү документи же бир жерде каттоосунун жоктугунан улам жөлөк пул албай келишет.

Ал эми эл өкүлү менен чогуу барган эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров документ чогултуу милдети министрликке жүктөлүп, жакын арада электрондук негизде аткарылаарына токтолду. Белгилүү болгондой эгерде үй-бүлөнүн кирешеси ар бир адамга эсептегенде 900 жүз сомдон ашса, анда алар жөлөк пул ала албайт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18