10:26, 14 мая 2019, 24.kg

Ооз ачардагы чыр. Түрк элчиси Женгиз Камил Фыратка кырнеттин жообу

8-майда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын Муфтият дайындаган ифтарга барып ооз ачпай, чыр салып кетиши социалдык тармакта катуу талкуу жаратты. Анын кадамын колдоого алып, муфтиятты сындагандар, атүгүл президент оңтойсуз абалда калганын айтып, элчинин сөзүнө бушайман тартып, эки өлкөнүн карым-катнашына кедергисин тийгизет дегендер дагы болду.

Photo 118681

Ошол эле учурда Тышкы иштер министрлигинен Женгиз Камил Фыраттын кадамына баа берип, нота жөнөтүү талабы да айтылды.

Көпчүлүккө Женгиз Камил Фыраттын «мен сага 35 миллион долларга мечит куруп берсем, сен мени террорист менен бир орунга коесуң» деген шантажы жана «силер же ФЕТОну, же Түркияны тандайсыңар» деген коркутуусу жаккан жок.

Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев дин башкармалыгы эч кимди бөлбөстүгүн жана ооз ачарга баары бирдей чакырыларын белгиледи.

Окуяга күбө болгон теолог Асан Саипов муфтиятта иштеген айрым кызматкерлер тарабынан атайын чагым уюштурулганын айтат.

«Муфтийди ыңгайсыз абалга коюшту. Бул чагымчылдык Түркиянын ыйгарым укуктуу элчисин жаманатты кылуу максатында жасалды. Ал Кыргызстан же Түркияны, же террорчуларды тандагыла деп айтып жатат. Өзүңүздөр деле ойлоп көрсөңүздөр, Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда Бакиев бир столго олтура алабы?», - деди ал.

Бул пикирди белгилүү тележурналист Мыктыбек Арстанбек да колдойт.

«Муфтият ооз ачарга элчини, башкача айтканда Түркияны чакырды, анан анда төңкөрүш кылган душманы менен отурасың десе... Бул эмне? Эгер элчи отурса, мамлекетин сатмак. Иштен да кетмек. Биздин ары жокторго эки урушкан кишинин ишиндей көрүндү го бу нерсе. Эркек экен», - деп жазды ал социалдык тармакта.

Photo 118684

Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин «Педагогду террорчулукка айыптаганга акысы жок. Далили барбы? Маселе ушунда, факт менен сүйлөйлү. Эртеден кечке чейин педагогдук ишмердик жүргүзгөн инсан террорго чакырган дарс окуганы тастыкталса, анда кыргыз мыйзамына ылайык деле жазаланат. Андай факт жок да!», — деп элчиге жооп жазган. 

Photo 118688

Режиссер Сүйүн Откеев элчинин мечитке кеткен каражатты доолаганын эп көрбөй, Женгиз Камил Фырат деңгээлин көрсөткөнүн белгилейт. Ал муфтиятты сындагандарга каршы пикирин билдирди.

Photo 118683

«Бир чоң мамлекеттин элчисинин деңгээли ушул экен. Болгондо да Рамазан айында, башка өлкөдө, негизги жумушу эки элди бириктире турган, ынтымакка чакыра турган, бардык жумушту закондун чегинде, дипломатиянын негизинде чече турган кишинин чыныгы жүзү. Эгер сен азыр Кыргызстанда өзүңдү ушундай эркин сезип, коркпой-үркпөй иштеп атсаң анда бул ошол эмгектердин жыйынтыгы", — дейт ал. 

Андан сырткары, өлкө жарандары элчини чыр менен эмес, дипломатиялык иш -аракеттер менен иштөөгө, Түркиянын ФЕТО уюму боюнча Кыргызстан өз позициясын билдиргенин белгилеп, аны сыйлоого чакырышты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18