10:21, 14 мая 2019, 24.kg

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандагы элчисин колдоого алды

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын муфтият тарабынан уюштурулган ооз ачардагы кадамын колдоого алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат катчысы Хами Аксойдун билдирүүсүндө айтылат.

Хами Аксой Женгиз Камил Фырат ооз ачарда ФЕТОнун мүчөсүн көрүп, туура жана калыс реакция жасаган деп эсептейт.

«ФЕТО менен күрөшүү — бул биздин негизги жана башкы милдеттерибиздин бири. Биз ФЕТОнун террористеринин коопсуздукка коркунучу боюнча чет өлкөдөгү өкүлдөрүбүзгө дайым айтып келебиз», — дейт Хами Аксой.

Түркиянын ТИМи Кыргызстандын расмий өкүлдөрүнөн гана эмес, башка уюмдарынан дагы ФЕТО маселесине этият мамилени күтөрүн белгилейт.

Белгилей кетсек, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат 8-май күнү муфтияттын ооз ачарында «Сапат» билим берүү мекемесинин директору Орхан Инандыны көрүп, ызы-чуу салып, чыгып кеткен. Ал муфтиятты 35 миллион долларга мечит салып бергенине карабай, террористтерди конокко чакыргандыгына айыптаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18