08:45, 14 мая 2019, 24.kg

Казакстандын окуу жайларында «Назарбаев таануу» сабагы пайда болушу мүмкүн

Казакстандагы окуу жайларда «Назарбаев таануу» деген жаңы предмет пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу «Түштүк Казакстан» облустук гезити кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, Шымкент университетинин профессору, экономика илимдеринин кандидаты Нурали Уткелбаевдин бул сабак боюнча жаңы окуу китебин иштеп чыгуу сунушу өлкөнүн Билим берүү министрлиги тарабынан жактырылды.

Профессордун айтымында, учурда Нурсултан Назарбаевдин эмгектери — сүйлөгөн сөздөрү, баяндамалары, элге кайрылуулары, интервьюлары, илимий-социологиялык макалалары жана түрдүү темалар боюнча жазган китептери 101 томду түзөт.

«Алар өз ичине эгемендүү жаңы мамлекеттин калыптануусу менен өнүгүүсүнүн саясий, экономикалык, коомдук-социологиялык жана тарыхый аспектилерин камтыйт. Айрым учурларда эмгектер глобалдык-планетардык мүнөзгө дагы ээ», — деп билдирди Уткелбаев.

Шымкенттик окумуштуу кийинки кадам катары жогорку квалификациядагы авторлордун жамааты тарабынан китеп же окуу куралы жазылышы зарыл экенин белгиледи. Анын айтымында, бул жооптуу илимий-педагогикалык иштин башында өлкөнүн Билим берүү министрлиги турушу керек.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18