10:01, 13 мая 2019, 24.kg

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси муфтияттын ифтарында чатак чыгарды

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат муфтияттын ифтарында чатак чыгарды. Бул тууралуу видео соцтармакта жайгаштырылды.

Маалыматты Кыргызстандын мусулмандарынын диний башкармалыгынан ырасташты.

Алардын билдирүүсүндө, окуя 8-май күнү «Дасмия» ресторанында болгон. Ооз ачарга 2 мүнөт калганда элчи ызы-чуу салып, кетип калды.

Видеодо Женгиз Камил Фырат ифтарга «Сапат» билим берүү мекемесинин башчысы Орхон Инандынын дагы чакырылышына каршылыгын билдирет.

«Мен силерге 35 миллион долларга мечит куруп берсем, силер мени террорист менен бир орунга коюп жатасыңар. Кыргызстан же Түркияны, же террористтерди тандайт», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18