09:20, 13 мая 2019, 24.kg

Сузакта сабалган 2 жаштагы кыздын энеси Бишкекке учуп келет

Сузак районунда сабалган 2 жаштагы кыздын энеси 27 жаштагы Альбина Бишкекке учуп келет. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Айтымында, ал Москвага 27-январда учуп келип, таттуу чыгаруучу цехте идиш жуугуч болуп орношкон. Ал 5 жана 2 жашар кыздарын Сузактагы өгөй энесине таштап кеткен.

«Кичүү кызымдын тили чыга элек, улуу кызым менен сүйлөшкөндө ал эч качан өгөй энесинин үйүндө капа болгону тууралуу айтчу эмес. Кызым ооруканага түшкөндө, жакындарым мага чалып кыздын сабалбагандыгын, ал өзү жыгылып кеткенин айтышты. Мен Кыргызстанга барам», -деди ал.

Айтымында, азырынча милицияга арыз жазабы же жокпу белгисиз. Анын Кыргызстанга кайтып келүүсүнө Москвадагы кыргыз диаспорасы билет сатып берген. Альбинанын күйөөсү жок.

Эске салсак, буга чейин 2 жаштагы наристенин сабалгандыгы, анын денесинде көк-ала тактар бар экени кабарланган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18