17:55, 08 мая 2019, 24.kg

Азиз Батукаевдин иши. Кылмыш иши боюнча дагы 3 дарыгер кармалды

Бишкекте мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуп жиберген тууралуу кылмыш иши боюнча дагы 3 дарыгер кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директорунун орун басары Динара Саякова билдирди. 

Анын айтымында, ИИМдин кызматкерлери № 47 түзөтүү колониясынын борбордук ооруканасында иштеп жаткан дарыгерди, ЖАМКтын медицина башкармалыгынын мурунку башчысын жана Саламаттык сактоо министрлигинин дарыгерин колго түшүрдү. Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

«3 дарыгердин баш коргоо чарасы бүгүн каралат», -деп билдирди Динара Саякова.

Эске салсак, мыйзамдагы уурунун бошоп кетиши тууралуу иш ушул жылдын январында кайра жаңыланган.

Азиз Батукаев 2013-жылы Нарында жаткан абакта саламаттыгына байланыштуу бошотулган. Ал ошол күнү паспорт алып, «Манас» аэропорту аркылуу Чеченстанга учуп кеткен. «Өлөөрүнө эки жума калды» деген кримтөбөл учурда сак саламатта кылмыштуу дүйнөнү башкарып келүүдө. Анын кримтобу Кыргызстанда да иш алып барат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18