16:43, 08 мая 2019, 24.kg

Душанбе «Өлбөс полк» жүрүшүн өткөрүүгө уруксат берди

Тажикстан бийлиги Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгына карата «Өлбөс полк» жүрүшүн өткөрүүгө уруксат берди.

Бул маалыматты тажик президентинин коомчулук менен байланыш боюнча жардамчысы Абдуджаббор Рахмонзода тастыктады. Эскерүү акциясына каалоочулардын баары келсе болот.

«Өлбөс полк» акциясы 9-майда Орусиянын көптөгөн шаарларында жана мурдагы СССР өлкөлөрүнүн айрымдарында өтүп келет. Анда адамдар согушка катышкан туугандарынын сүрөттөрүн көтөрүп жүрүшкө чыгышат. Акция биринчи жолу 2007-жылы Тюмень шаарында «Жеңүүчүлөр парады» деген ат менен башталган. 2015-жылдан тарта эл аралык масштабга ээ болгон. Негизги максаты — согуш жылдары өлгөн ата-бабаларды эскерүү.

Бирок шаардын жүздөгөн жашоочулары Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад жана расмий салтанаттардан кийин «Өлбөс полк» акциясына катышышкан.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18