09:45, 09 мая 2019, 24.kg

Түркия кыргызстандык бейтаптарга квотаны көбөйттү

Түркияда акысыз дарылган кыргызстандык бейтаптардын квотасы 150гө көбөйтүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Министр Чыңгыз Айдарбековдун Түркиядагы расмий сапарында жүрүшүндө квотаны 150 кишиге көбөйтүү боюнча протоколго кол коюлду.

Белгилей кетсек, 2014-жылдан бери Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык жыл сайын 100 бейтап Түркияда кысыз дарыланат.

Жаңы келишимге ылайык, кыргызстандык бейтапка Түркиядагы тиешелүү оорукана «дарылоо мөөнөтү 90 күндөн узакка созулушу мүмкүн» деген тастыктама берсе, анда аны коштоп келген эки тууганы  туруктуу жашоо үчүн виза төлөмдөрүнөн бошотулат.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18