10:30, 09 мая 2019, 24.kg

Согуш ардагери Токой Садыров СССРдин батыш чегин коргоп, жаракат алган

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Токой Садыров 24.kg агенттигине кандуу талаада өткөн күндөрүн эскерип айтып берди. 

Photo 117872

Токой Садыров 1919-жылы Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Чоң-Кемин айылында туулган. 1938-жылы мектепти аяктагандан кийин Фрунзедеги курулуш техникумуна тапшырат. Үч айдан кийин аскерге чакыруу алып, Кызыл Армиянын Түркистан аскердик округунун 428-полкунда милдет өтөөгө жөнөп кетет.

Токой Садыров армиядан ары эле Улуу Ата Мекендик согушка аттанат. Ал аткычтар полкунда Орусиянын батыш тарабын душмандын мизинен кайтарууга алган. 1942-жылы февралда Орусиянын Новгород облусундагы Старая Русса шаарында болгон катуу кармашта башынан оор жаракатка кабылат.

«Ошол күн али эсимде, таң эрте фашисттер кол салышты. Биздикилер жан-алы калганча туруштук берип, душмандардын мизин кайтарып жатышкан. Албетте, ар бир эле адамда коркуу сезими жашайт, абдан коркунучтуу болду... Бир убакта снаряддын сыныгы келип тийди», — деп эскерет Токой Садыров. Майыптык алган жоокер согушка эмес, үйүнө кайтарылат.

«Башым ооруп, колдорум сыздатып турса дагы бактылуу элем. Анткени үйгө аман-эсен кайтайын деген тилегим ишке ашты», -дейт ал. Ал Кеминде трактор айдап иштеп, андан кийин комбайнды өздөштүрөт. 

«Мага жумушум жакчу, алдыңда жайылып жаткан кең талаа. Жанымда көзгө тааныш тоолор, талаалар, ачык асман... Тээ алыста, батышта согуш болуп адамдар өлүп атат дегенге ишенгиң да келбейт», — дейт ал.

Ошентип ардагер Кемин МТСте иштеген комсомолдук иш боюнча саясий бөлүмдүн башчысынын жардамчысы, кийин бухгалтер болуп иштеген. Ал убакта үйлөнүп Ногойбек аттуу уулду болушат. Бирок, көп өтпөй жубайы каза болот.

«Уулум экөөбүз жалгызсырап калдык. Анда мага улуу эжем Гүлжамал жардамга келди, ал 5 жаштагы уулума апа болуп тарбиялады. Мен болсо кийин кошуна айылдын кызы Айшага үйлөндүм». 

Photo 117873

Ардагер балдарын билимдүү кылуу максатын көздөп, 1959-жылы үй-бүлөсү менен Фрунзеге көчүп келишкен. 1959-1973-жылдарга чейин Фрунзе атындагы айылдык унаа чыгаруучу заводдо штамптоочу темир уста болуп эмгектенген. Жумушта көрсөткөн ийгиликтери үчүн ардак грамоталарга ээ болот. Кийин «Эмгек ардагери» наамы ыйгарылган. 1963-жылы Фрунзе шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланат. 1973-1990-жылдар аралыгында ШИИБда күзөт бөлүмүндө күзөт бригадири болуп иштеген. 1990-жылдан тарта ардактуу эс алууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18