16:27, 07 мая 2019, 24.kg

Москвада мигранттар үчүн жумуш менен камсыз кылуу жарманкеси өтүүдө

Москвада алгачкы жолу мигранттар үчүн жумуш менен камсыз кылуу жарманкеси өтүп жатат. Бул тууралуу Орусиялык ЖМК жазып чыкты.

Жарманкеге иш издегендер менен бирге жумуш сунуштаган бир канча компания катышты. Мында сатуучудан тарта күзөтчү, тазалоочу, короо шыпыргыч, таңгактагыч, жүк ташуучу, тракторист жумуштары сунушталууда.

«Ири залда чет элдик жумушчу күчтөргө кызыккан компаниялардын стенддери орун алган. Иш берүүчүлөрдүн айтымында, алар кыргыз жумушчуларын баалашат. Кыргыздар өз ишин мыкты билип, так жана таза иштегендиктен, аларды колдон талашып алышат», -деп айтылат маалыматта.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18