12:48, 07 мая 2019, 24.kg

Аида Салянова: Инимди өлтүргөндөр мени коркутуу максатын көздөшкөн

Мурдакы башкы прокурор Аида Салянова иниси Улан Саляновдун иши бурмаланып сотко жөнөтүлгөнүн белгиледи. Бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазды.

Аида Салянова иниси атайын буйрутманын курмандыгы болгондугун айтат.

«Инимди аткан Осмонкулов тоноогонго үй издешпегенин, түз эле инимдин үйүно барышканын айткан. Өлтүрүүдөн бир ай мурун МАИ кызматкери токтотсо «мен своймун, Саляновага каршы корсөрсөтмө берип жүрөм» деп кылмыш уюштуруучусунун айтканына карабай, саясий заказ жөнүндө материалдардын бир канча жеринде айтылганына карабай, өлтүрүү каракчылык максатта болгон деп ишти сотко бурмалап өткөрүп жиберген Данияр Абдыкаров. Азыр ал жылуу-жумшак кызматта отуруп аткандан кийин, буйрук берген киши табылаарына чоң күмөнүм бар», — дейт ал. Эскерте кетсек, Улан Саляновду 2017-жылдын 6-ноябрында өз үйүндө атып кетишкен. Бүгүн ал 44 жашка толмок.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18