11:29, 07 мая 2019, 24.kg

Байланыш күнү. Өлкөдө уюлдук байланыш абонентеринин саны 8 миллионго жакын

Бүгүн байланыш кызматкерлеринин жана радио күнү. Буга байланыштуу улуттук статискалык комитетинин Кыргызстандагы байланыштын тарыхынан жана азыркы абалынан бир нече факт келтирет. Ал эми стационардык телефон абонентеринин саны 500 миңге да жетпейт.

2008-жылы калктын 1000 адамына 95 стационардык аппарат жана 642 уюлдук байланыш номерлери туура келген болсо, 2018-жылы 52 стационардык жана 1 миң 209 мобилдик номерлери туура келип, 2 эсеге көбөйгөн.

2018-жылы өлкөдө 807 телефон станциялары анын ичинен: 566 — шаар аймактарында жана 241 — айыл жергесинде иш жүргүзүшкөн. Байланыш кызматы ички өндүрүмдүн 3 пайыз түзөт. Бул тармакта кызматтын 76 пайызы — уюлдук байланыш, 16 пайызы — интернет каналдары, 1,7 пайызы — эл аралык жана шаар аралык байланыш жана 1,6 пайызын — шаардык жана айылдык (жергиликтүү) телефон станцияларынын кызмат көрсөтүүлөрү ээлейт.

Photo 117578

Мобилдик телефондорду колдонгондордун саны өскөнү менен анын баары эле телефон чалып сүйлөшүүнү жактыра бербейт. Кыргызстандыктар интернет тиркемелер аркылуу үн жөнөтүүнү көп колдоно башташты. Байланыш статистикасы тууралуу алгачкы маалымат 1937 жылы басылып чыккан Улуу Октябрь Революциясынын 20-жылдыгына арналган кыска статистикалык маалымдамада жарыяланган. Андагы берилген статистикалык маалыматтарга караганда, 1935 жылдын 1-январына карата республикада 31 почтампт жана байланыш бөлүмү, 197 почта агенттиктери жана 632 каттар үчүн ящиктери болгон. Ал учурда айыл жергесинде почта буюмдарын таркатууну атчан адамдар (177) жана (342) жөө кат ташуучулар аткарышкан. Алардын көпчүлүгү маалымат берүү багытында иш алып барат.  Өлкөдө биринчи радио 1931-жылы түзүлгөн.

Photo 117577

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18