11:06, 07 мая 2019, 24.kg

Кадамжайда алдамчылыкка шектелген киши кармалды

Баткен облусуна караштуу Кадамжай шаарында алдамчылыкка шектелип мурда бир нече жолу соттолгон 56 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын апрель айында Кадамжай шаарынын тургуну Д.А. милицияга арыз менен кайрылган. Ал чала тааныш З.А. аттуу адам ишенимине кирип, чыр жараткан жер тилкесин жана үйүнүн тийиштүү документтерин алууга жардам берем деп, 10 миң сом акчасын алып, ушул күнгө чейин бербей келе жаткандыгын айткан.

Аталган кылмышка шектелип, ИИМдин атайын каттоосунда турган 56 жаштагы З.А. аттуу тургуну кармалды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18