09:19, 07 мая 2019, 24.kg

Экспорттоочулар жеңилдетилген насыя ала алышат

«Иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканаларды каржылоо» долбоорунун алкагында экспорттоочуларга жеңилдетилген насыя жеткиликтүү болот. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

2019-жылдын майынан тартып «Иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканаларды каржылоо» долбоору ишке киргизилет. Анын башкы максаты — өлкө аймактарындагы өндүрүлгөн продукцияны экспорттогон жана экспортко багытталган жаңы ишканаларды ачкан ишкердик субъекттерине мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Тамак-аш кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай тармагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн атамекендик ишканалар (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) коммерциялык банктардан 3-5 жылга жылдык 8-10 акыркы пайыздык коюм менен жеңилдетилген узак мөөнөттү насыяларды ала алышат.

Буга чейинки «Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоо-1» долбооруна салыштырмалуу жаңы долбоордо патенттик негизде ишмердүүлүгүн жүргүзгөн тигүү ишканалары үчүн жеңилдетилген насыя каражаттарын (негизги каражаттарга 1 миллион сомдон ашык эмес жана жүгүртүү каражаттарына 500 миң сомдон ашуун эмес) алуу укугу каралган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18