08:36, 07 мая 2019, 24.kg

Өзбекстан алтын сатуу боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты

Өзбекстан быйылкы жылдын биринчи чейрегинде алтын сатуу боюнча дүйнөдө лидер болду. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк алтын кеңеши (World Gold Council) билдирди.

Кеңештин баяндамасына ылайык, Өзбекстан январь-март айларында 6 тонна 200 килограмм алтын саткан. Экинчи орунда Монголия турат — 3,4 тонна алтын экспорттогон, 1 тонна алтын сатуу менен үчүнчү орунга Тажикстан чыккан.

Маалыматтарга караганда, Орсия алтын импорту боюнча биринчи орунда, 2019-жылдын үч айында 55,3 тонна сатып алган. Экинчи жана үчүнчү орунда Түркия (40 тонна) менен Кытай (33 тонна) турат.

Апрелде Өзбекстандын Борбордук банкы 2019-жылы чет өлкөлөргө 80 тонна алтын сатарын жарыялаган, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 10 тоннага көп. Борбордук банктын маалыматы боюнча 80 тонна алтын экспорттоо менен Өзбекстан 3,4 миллиард доллар киреше табат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18