17:42, 06 мая 2019, 24.kg

Самара Каримова той жана инстаграмдан канча акча табарын ачык айтты

Ырчы Самара Каримова тойлордо 500- 1 миң долларга чейин ырдайт. Бул тууралуу ал «7-каналга» берген маегинде билдирди.

Ырчынын айтымында, Ош шаарынын өзүндөгү тойлорго 500 долларго барат, аймактарга 600 доллардан өйдө.

Самара Каримованы инстаграм баракчасы дагы башкы киреше булагы.

«Инстаграмда бир жарнама чет жактан болсо 500 доллардан өйдө. Ал эми Кыргызстандын ичинен түшсө, 300 доллар да болот. Бирок, тааныш-билиш деген бар, айрым учурда бекер да болуп калат. Ал эми бир же жарым жылга контракт түзсөк, анда 10 миң долларга чейин турат», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Самара Каримова инстаграм баракчасына жазылгандардын саны 1 миллион 400 миң. 

Самара Каримов ырчы Гүлнур Сатылганова менен чыры боюнча да түшүндүрмө берди.

«Гүлнур Сатылганованын концертине Ошто болгон бут тосуу туралуу мен гезиттен окудум. Ал кезде биз Баткенде элек. Катуу кабыл алып, бала эмизип жүрөт элем, сүтүм токтоп калды. Бирок, эч бир жооп берген жокмун. Анткени, ага менин тарбиям жол бербейт. Биз ак болгондуктан, баарын мезгил өз жайына коет деп койдук», — деди ал. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18