17:09, 06 мая 2019, 24.kg

Ошто Орозонун урматына акысыз тиш дарылоо акциясы башталды

Ош шаарындагы жеке стоматолог Умидбек Хамраев Бишкекте башталган саамалыкты улантып, Орозо айынын ичинде кызматын акысыз көрсөтүүдө. Дарыгердин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, тиш дарылоо, жулуу, пломбалоо кызматтары толугу менен бекер жүргүзүлөт.

«Биз бул жөнүндө алдын-ала жарыялаганбыз, ошондон улам бүгүн эле бизге 5-6 киши кайрылып, тиштерин дарылатышты. Бизде тишин жулдурганга, дарылатканга да акчасы жок адамдар бар. Биз Орозо айында ошолордун оорусун жеңилдетип, сообуна калалы деп чечтик. Эгер тиш салуу зарылчылыгы болсо, техниктер менен сүйлөшүп, мүмкүн болушунча арзан жасатып беребиз», -деди дарыгер.

Умидбег Хамраевдин айтымында, бул акцияны жайылтыш үчүн учурда Оштогу башка стоматологдор менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер алар акцияга кошулса, бекер тиш салуу кызматынан пайдалана алган адамдар да көбөйүшү мүмкүн.

Кыргызстанда Орозо 6-майда башталды. Отуз күндүк Рамазан айы Орозо айт менен жыйынтыкталат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18