Москвадагы учак кырсыгынан 41 адам каза болду
Орусиянын Тергөө комитети Москвадагы «Шереметьево» аэропортунда кырсыкка учураган «Сухой Супержет» учагынын 40 жүргүнчүсү жана бир экипаж мүчөсү каза тапканын ырастады. Жалпысынан учактын ичинде 73 жүргүнчү жана беш экипаж мүчөсү болгон.
5-май кечинде Москва — Мурманск багыты боюнча каттамды аткаруу үчүн асманга көтөрүлгөн учак жарым сааттан кийин авариялык конуу жасаган. Жүргүнчүлөр сыртка 55 секунддун ичинде учактын куткаруу шатысы аркылуу чыгарылган. «Аэрофлот» компаниясынын маалымат катчысы бул белгиленген убакыттан тез болгонун билдирүүдө. Бирок «Интерфакс» агенттиги өз булактарына таянуу менен учактын арткы бөлүгүндөгү жүргүнчүлөр чыгууга үлгүрбөй калганын жазды.
Учкуч Денис Евдокимовдун Bazа басылмасына билдиргенине караганда, асманда учакка чагылган тийип, анын системасынын бир бөлүгү иштебей калган. Буга чейин кабарлангандай, өрт абада тутанган эмес. Учкучтун айтымында, учактын конуусу бардык эреже жана талаптар боюнча ишке ашкан, ылдамдык да чектен жогору болгон эмес. Бирок конуу учурунда самолёт жерге катуу урунуп, ошол кезде өрт башталган. «Интерфакс» агенттигинин маалыматына ылайык, учак жерге үч жолу урунганда анын сыныктары кыймылдаткычка түшүп, жалын тутанган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кырсыктын себептерин иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү.