17:04, 03 мая 2019, 24.kg

Бирдиктүү салык декларациясын бербегендер үчүн 2 миң 410 протокол түзүлдү

Республиканын салык органдары 2019-жылдын 2-майына карата Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык «Бузуулардын бирдиктүү реестрине» жалпы 10,8 миллион сом суммасында салык төлөөчүлөрдүн 7 миң 766 мыйзам бузууларын каттады. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулардын ичинен салык салуудан качкандыгы жана бухгалтердик эсепти бурмалагандыгы үчүн 4,6 миллион сомго 703 протокол, Бирдиктүү салык декларациясын бербегендиги жана салык төлөбөгөндүгү үчүн 3,8 миллион сомго 2 миң 410 протокол түзүлгөн.

Ошондой эле социалдык камсыздандырууга байланыштуу документтерди жана төлөмдөрдү белгиленген мөөнөттө бербегендиги үчүн 246 миң сомго 150 протокол, социалдык камсыздандыруу органдарына катталбастан, экономикалык иштерди жүргүзгөндүгү үчүн 185 миң сомго 185 протокол түзүлдү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18