14:12, 03 мая 2019, 24.kg

Эки колун унаага байлап сүйрөтүлгөн бала ооруканадан чыкты

Эки колун унаага байлап сүйрөтүлгөн бала ооруканадан чыкты. Бул тууралуу «Балдардын укугун коргоо боюнча лига» коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала энесинин жанында.

«Бала энеси менен үйүнө тергөө аяктаганга чейин бара алышпайт. Алар убактылуу батирге чыгышы керек, биз кыска мөөнөткө батир издеп жатабыз. Кийин жабырлануучунун энеси Москвага уулун кошо алып кетмекчи», -деп билдиришти фонддон.

Фонддон кошумчалашкандай, учурда аялдын уулун кошо чет жакка алып кеткенге учак билетине каражаты тартыш болууда. Жарандар жардам берүүнү каалашса, 0771454445 Элсом номуруна акча которо алышат.

Эске салсак, уурулук кылганы үчүн 9 жаштагы баланы таякеси эки колун унаага таңып, 20 метр аралыкка сүйрөткөнү тууралуу видео тараган болчу.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18