13:48, 03 мая 2019, 24.kg

«Түркмөн аба жолдору» кайрадан Европага каттай баштайт

«Түркмөн авиалиниялары» компаниясынын учактары Ашхабад-Франкфурт, Ашхабад-Лондон жана Ашхабад-Бирмингем багыттары боюнча уча баштайт.

Каттамдар 1-июндан тарта башталат.

Быйыл 4-апрелде Авиациялык коопсуздук боюнча европалык агенттик (EASA) «Түркмөн аба жолдоруна» Европа Биримдигине мүчө өлкөлөргө учууга тыюу салган.

​Түркмөн авикомпаниясынын каттамдары эмне себептен токтотулганы так айтылган эмес. Түркмөн тарап эл аралык коопсуздук талаптарын сактоону тастыкташы керек экени маалымдалган.

Февралдын ортосунда «Түркмөн аба жолдору» «Lufthansa Consulting» компаниясына кайрылып, эл аралык стандарттарга шайкеш келүү үчүн аба коопсуздугу жаатындагы мүчүлүштүктөрдү жоюуга жардам сураган.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18