11:16, 03 мая 2019, 24.kg

«Волга» жана жер аянты. Текебаевдин мүлкү туура эмес конфискацияланган

Жогорку сотто «Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен ӨКМнын мурунку башчысы Дүйшөнкул Чотоновго карата козголгон кылмыш ишин кайра кароо тууралуу өтүнүч боюнча соттук отурум башталды.

Соттолгондордун жактоочулары мөөнөтүн кыскартуу тууралуу өтүнүч менен кайрылбагандыктарын айтышууда. Алардын билдиргени боюнча, сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иштерин Биринчи Май райондук сотуна жаңы жагдайлар боюнча териштирүүгө жиберилиши керек. Ошондой эле жактоочулардын пикиринде, соттолгондордун мүлкү эгерде алар кандайдыр бир кылмыш жолу менен чогулткан болсо, ошондо гана конфискацияланышы шарт.

Коргоочулар Өмүрбек Текебаевдин Жалал-Абаддагы 1990-жылы жаш мугалим катары алган жер аянты аталган кылмыш ишине эч кандай тийиштиги жок экенин айтышууда. Анын катарында эски «Волга» унаасы дагы бар.

Өмүрбек Текебаев «Жемкорлук» беренеси менен 8 жылга эркинен ажыратылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18