17:55, 02 мая 2019, 24.kg

Эртең Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт

3-майда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан-чачын катуу болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 4...9, күндүз 12...17,

Таласта түнкүсүн 3...8, күндүз 12...17,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 2...7, күндүз 13...18,

Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 7...12, күндүз 14...19,

Нарында түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −5...-10, күндүз 1...6 градус болот.

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6...8°, күндүз 13...15° болот.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18