15:40, 02 мая 2019, 24.kg

Санкт-Петербургда жердештерин опузалап, тоноп жүргөн кыргызстандыктар кармалды

Санкт-Петербургда опузалап акча талап кылып жүргөн Кыргызстандын жарандарынан түзүлгөн кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга коркутуу жолу менен акча каражаттарын чогултуп, адамдарды уурдап, мыйзамсыз иш-аракеттер менен алектенип жүрүшкөн топ тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул окуядан кийин КР ИИМдин өкүлчүлүгү алынган маалыматтарды жеринен текшерүү үчүн Санкт-Петербург шаарына барган. Тиешелүү органдар тарабынан атайын иш-чара жүргүзүлүп, окуяга шектүүлөр колго түшүрүлдү. Алар Ош облусунун тургундары, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү болуп чыкты. Шектүүлөр өз жердештерин опузалап, акчасын тартып алып жүргөнү аныкталды.



Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18