11:18, 02 мая 2019, 24.kg

Өлкө аймагында нөшөрлүү жаандан улам сел жүрүшү мүмкүн

2-3-май күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, бул күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар, тоо этектеринде катуу жаан жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Бүгүн, 2-май күнү Чүй, Талас көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18