10:23, 02 мая 2019, 24.kg

Кыргызстанда диний билим берүүнүн жобосу иштелип чыкты

Кыргызстанда диний билим берүүнүн жобосу иштелип чыкты. Бул Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлү Гүлназ Исаева билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын 2014-2020-жылдарга дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын аткарылышын жакшыртуу максатында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы атайын жобо иштеп чыкты.

«Жободо диний билим берүүнүн багыттары кандай болот жана негизги талаптары, бул багытты ким көзөмөлгө алат, укуктары сыяктуу негизги маселелержобого киргизилди. Кыргызстандагы диний билим берүүнү жөнгө салуунун тартиби жөнүндө жобо жалпысына 14 бөлүмдөн турат. Анын максаты — ар бир жарандын өз тандоосу боюнча, жекече же башкалар менен кошо диний билим алуу укугун камсыз кылуу», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18