10:13, 02 мая 2019, 24.kg

Эки колу унаага байланып сүйрөтүлгөн баланын энеси Бишкекке келет

Эки колу унаага байланып сүйрөтүлгөн баланын энеси Бишкекке келет. Бул тууралуу «Балдардын укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фондунун Фейсбук баракчасына жарыяланды.

Фонддон маалымдашкандай, алар баланы энеси менен байланыштырууга жардам беришкен.

«Бала абдан кубанды. Энеси жолго чыкты. Бүгүн Бишкекке келип калат», -деп айтышты фонддон. Алардын билдиргени боюнча, баланын тамак-ашы жана кийими жетиштүү. Аны класс жетекчиси зыярат кылууда.

Эске салсак, Бишкекте 32 жаштагы жаран 9 жашар жээнин унаага байлап 20 метр аралыкка сүйрөткөнү тууралуу видео тараган. Ал бул кадамын баланы акча уурдагандыгы үчүн жазалоо деп түшүндүргөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18