17:07, 30 апреля 2019, 24.kg

Садыр Жапаровдун жактоочулары сотторду хадисте айтылган сөз менен коркутушууда

Экс-депутат Садыр Жапаровдун ишин караган Жогорку соттун соттук коллегиясына жактоочулар президент Сооронбай Жээнбековдун хадистен келтирген мисалдарын эскертишти.

Жактоочулар Жогорку соттон Садыр Жапаровдун эркинен ажыратылган мөөнөтүн болушунча кыскартууну талап кылышууда.

«Садыр Жапаровдун күнөөсү далилдене элек. Жаза мөөнөтүн жаңы кодекс боюнча максималдуу түрдө кыскартууну талап кылабыз. Ишти адилеттүү карайт деп ишенебиз. Сооронбай Жээнбековдун сөзүн эстетип коеюн, адилетсиз сотторду тозок күтөт», -деди Садыр Жапаровдун коргоочусу.

Садыр Жапаровду 2017-жылы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 11 жарым жылга эркинен ажыратты. Ал 2013-жылы Каракол шаарындагы «Кумтөр» кенине каршы митингде губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштургандыгы үчүн «башаламандык», «барымтага алуу» беренелери менен күнөөлүү деп табылган.

Садыр Жапаров 2017-жылдын 25-мартта кармалган. Ошол эле күнү УКМКнын алдындагы митингде анын бир тууганы жана уулу болуп 12 адам камоого алынган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18