16:15, 30 апреля 2019, 24.kg

«Бишкек Башкы архитектура» ишканасынын кызматкери пара менен кармалды

«Бишкек Башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү Арча-Бешик конушундагы айрым жер тилкелеринин ээлеринин курулуш иштерин жүргүзүү үчүн уруксат кагазы жоктугун аныктап, 10 миң доллар акча талап кылган.

29-апрелде ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө, 1 миң 500 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен «Бишкек Башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын пландоо бөлүмүнүн башчысы 46 жаштагы К.М. кармалды.


Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18