15:06, 30 апреля 2019, 24.kg

Ташкент облусунда колониянын подполковниги асынып өлдү

Ташкент облусунун Зангиата районундагы жатак абактын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ага кызматкери, подполковник Асомхожа Аброров 27-апрелге караган түнү иш бөлмөсүндө асынган абалда табылды.

Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин жана Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын өкүлдөрү подполковниктин өзүнө кол салуусуна депрессия себеп болгонун билдиришти.

Башкы прокуратура учурда өзүн-өзү өлтүрүү фактысы боюнча териштирүү баштады.

Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин биринин айтымында, маркум бир ай мурун Ахангаран шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басарлыгынан бошотулуп, Зангиатадагы жатак түрмөгө которулган жана бул ишине канааттанбай жүргөн.

«Жумуш оор. Соттолгондор менен иштөө кишини чаалыктырып жиберет. Өзбекстандын Эмгек кодексине ылайык, иш күн сегиз саатты түзүп, ишенби-жекшемби деп алыш болушу керек. Бирок биз күнүгө 18 сааттан иштейбиз», — деди ал.

Өзбекстан ИИМинин кадрлар бөлүмүнүн өкүлү өздүк курамдын офицерлери чындыгында дем алышсыз иштеп, чарчашарын мойнуна алды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18