13:00, 30 апреля 2019, 24.kg

Коомдук телеканалдар уран казууга каршы митингдерди капарына албай жатат

Кыргызстандын коомдук телеканалдары уран казууга каршы митингдерди капарына албай жатат. Бул тууралуу Жашылдар пратиясынын митингинде жарандык активист Марат Мусуралиев билдирди. 

Ал билдиргендей, коомдук телеканалдардагы жаңылыктар берүүсүндө Ысык-Көлдөгү жана Бишкектеги нааразычылык акцияларды көрсөтүшкөн жок.

«Алар абдан маанилүү иш-чараны капарына албай жатышат. Бирок, митингдер токтоп калган жок. Мораторий кабыл алынганга чейин уранды казууга каршы болгон акцияларды уланта беребиз», -деди Марат Мусуралиев.

Жашылдар партиясы май майрамдарында дагы митингге чыгуу ниетин билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18