11:49, 30 апреля 2019, 24.kg

Жашылдар партиясынын өкүлдөрү уран кенинин казылышына каршы митинг уюштурууда

Жашылдар партиясынын өкүлдөрү Бишкекте чогулуп, уран кенинин казылышына каршы митинг уюштурууда. Буга чейин сот «Ала-Тоо» аянтында акцияга чыгууга тыюу салган, анткени аталган жайда башка иш-чара өтмөк. 

Photo 116537

«Эч нерсеге карабай биз митингге чыктык. Биздин буга толук укугубуз бар деп эсептейбиз. Өзүңүздөр көргөндөй аянтта эч кандай иш-чара уюштурулган жок», -деди кыймылдын лидери Эркин Булекбаев.

Митингге чыккандар Балыкчынын тургундары менен кездешүүнү күтүп жатышат. Эске салсак, балыкчылыктар Максим Горький атындагы гүлбакчага чогулушкан. 

Эске салсак, Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынып, кенди иштетүүгө толук тыюу салынды.

Буга чейин жергиликтүү тургундар кендин казылышына каршы болушуп, жер-жерлерде чакан митингдер уюштурулган. Өкмөт башчы кен иштетүүчү компаниянын ишмердүүлүгүн, экспертиза чыкканга чейин токтоткондугун айтып чыккан. Бирок, эл буга макул болбой, уран кенинин казылышы биротоло толугу менен токтотулушу керек деген пикирде. Мындан улам, бүгүн Ысык-Көлдөн тургундар жөө жүрүш менен Ак үйдүн алдына келип, өз талаптарын коюшмакчы.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18