09:11, 30 апреля 2019, 24.kg

Орусия Кыргызстанга жөнөтүлө турган акчанын көлөмүн чектейт

Орусия бир катар өлкөлөргө которулуп жаткан акчанын көлөмүнө чектөө киргизет. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык чектөө кирген өлкөлөрдүн арасында Вьетнам, Кытай, Кыргызстан жана Казакстан да бар. 16-апрелден тартып акча которуу системалары аркылуу Казакстанга Орусиядан айына 150 миң рублдан ашык каражат жөнөтүү мүмкүн болбой калса, Кыргызстан, Кытай жана Вьетнамга кирген чектөө 100 миң рублду түзөт.

Орусиянын Улуттук банкы мындай чечимди көмүскө операцияларга бөгөт коюу аракети менен түшүндүрүп, каттоодон өтпөгөн ишкерлер менен күрөштүн ыкмасы катары сыпаттайт.

2018-жылы Орусиядан Өзбекстанга которулган каражаттын көлөмү 14 миллиард долларды түзгөн. Ушул эле жылы Кыргызстанга Орусиядан 1,3 миллиард доллар, Кытайга 675 миллион доллар, Казакстанга 392 миллион доллар жана Вьетнамга 175 миллион доллар которулган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18