08:45, 30 апреля 2019, 24.kg

Ташкентте окуучулар бараткан автобус кырсыкка учурады

Ташкент облусунун Уртачирчик районунда 29-апрель күнү түнчүндө автобус кырсыкка учурады. Бухарадан келе жаткан автобустун ичиндеги 53 жүргүнчүнүн көбү окуучулар болгон.

Республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, «Мерседес» үлгүсүндөгү автобустун бир дөңгөлөгү жарылып, анын кесепетинен оодарылып кеткен. Автобустан өрт чыккан.

Салондо 53 киши болгон. Ыкчам түрдө бардык жүргүнчү автобустан түшүүгө үлгүргөн. Курмандыктар жок. Окуя болгон жерде жабырлануучуларга медициналык көмөк көрсөтүлгөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен алты адам ар кыл даражадагы жаракат алган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18