17:03, 29 апреля 2019, 24.kg

Президент: Бишкек «жашыл калаа» деген өзүнүн мурдагы даңкын кайтарышы керек

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кыргызстандыктарды жана борбор шаардын тургундарын Бишкек шаарынын Күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Бишкек Кыргызстан элинин турмушунда өзгөчө орунду ээлейт. Ал — мамлекетибиздин борбору жана сыймыгы. Региондогу ири экономикалык, саясий жана маданий борборлордун бири. Борбор шаарыбыз жыл өткөн сайын кулачын керип кеңейүүдө, өнүгүүдө жана жаңыланууда. Заманбап имараттар салынууда. Жаңы жолдорду жана көчөлөрдү куруу боюнча чоң долбоорлор ишке ашып жатат», -деди президент куттуктоосунда.

«Ордо калаабызда көптөгөн этностордун өкүлдөрү жашайт жана эмгектенет. Алар тынчтыкта, ынтымакта жана өз ара түшүнүшүү менен жашоонун мыкты салттарын муундан муунга өткөрүп келишүүдө. Бул эң сонун жөрөлгөнү сактап, андан ары улантуу — биздин милдетибиз. Бишкек «жашыл калаа» деген өзүнүн мурдагы даңкын кайтарышы керек. Таза аба, бак-дарактар шаардын башкы байлыгы болушу абзел», -деп кошумчалады ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18