14:24, 29 апреля 2019, 24.kg

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы күтүлөт

30-апрелде жана 2-3-май күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

30-апрелде жана 2-3-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18