12:25, 29 апреля 2019, 24.kg

Даркүл Күйүкованын 100 жылдыгы. XI республикалык театр фестивалы башталат

Бүгүн СССРдин Эл артисти Даркүл Күйүкованын 100 жылдык мааракесине карата XI республикалык театр фестивалы башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара 3-майга чейин уланат. 

«Даркүл Күйүкова 10 жашынан тарта театрда роль жарата баштаган. Ал театр сахнасында дүйнөлүк, орус жана кыргыз классикалык драматургиясы боюнча коюлган спектаклдерде ондогон кейипкерлерди, өзгөчө энелердин образын жогорку чеберчиликте аткарып, кыргыз театр өнөрүндө улуттук мүнөздөгү кайталангыс театр мектебин түптөп кеткендердин бири», — деп айтылат маалыматта.

Белгилүү актриса 1919-жылы 29-октябрда төрөлүп, 1997-жылы дүйнө салган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18