11:18, 29 апреля 2019, 24.kg

Балыкчы шаарында уран кенин иштетүүгө каршы тынчтык митинги өтүп жатат

Балыкчы шаарында уран кенин иштетүүгө каршы тынчтык митинги өтүп жатат. Митингге болжолдуу 200дөй киши чогулду. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.

Митингди Балыкчы шаарынын жергиликтүү активисттери уюштурган.

29-апрелге пландалып жаткан Балыкчыдан Бишкек шаарына чейинки жөө жүрүшкө Балыкчы шаардык соту тыюу салынып, болгону тынч митингге уруксат берилген. Бирок катышуучулар түшкү саат 12ден кийин жөө жүрүшкө чыгарын айтышууда. 

Балыкчы шаарынын тургуну, активист Марат Акатов «Он киши болсок да жолдун чети менен эч кимге жолтоо болбой, эч кимдин жолун тоспой жөө жүрүшкө чыгалы дегенбиз. Жөө жүрүшкө 12ден кийин чыгабыз деп турабыз. Уран кени — ажыдаар, алаамат. Кыргыз элине жакшылык алып келбейт», -дейт.

Митинг Балыкчы мэриясынын имаратынын алдында таңкы саат 10дон 12ге чейин өтөрү белгиленген.

Буга чейин 26-апрелде Бишкекте уран казууга каршы болгондор митингге чыгышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18