10:29, 29 апреля 2019, 24.kg

Шаар күнүнө карата баш калаада көргөзмө-жарманке уюштурулду

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарына 141 жыл толду. Шаар күнүнө карата бүгүн ар кандай иш-чаралар уюштурулат. 

Шаар күнүн утурлай кечээ Бишкектин борборунда кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси уюштурулду. 

Эски аянтта жаныбарлардын оргиналдуу скульптуралары орнотулду. Шаардыктар жана меймандар бул жайдан эстеликке сүрөткө түшө алышат.  

Көргөзмө-жарманке эки күнгө созулат. 

Бүгүн «Ала-Тоо» аянтында майрамга карата концерт өтөт. Ага чет өлкөлүк эстрада чеберлери — орусиялык ырчы Согдиана жана өзбекстандык «Ялла» тобу катышат. Аларды жергиликтүү өнөрпоздор — «Инсан», «Элес» топтору, Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков жана оркестр коштойт. Майрамдын аягында алты мүнөткө созулган фейерверк атылат. 

Бүгүн саат 16:00дөн кийин «Ала-Тоо» аянтында Чүй саябаны Эркиндик гүлбагынан Панфилов көчөсүнө чейин жабылат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18