10:18, 29 апреля 2019, 24.kg

Нарында жер силкинди

Бүгүн саат 06:20 чамасында Кытай менен Тажикстан чектешкен аймакта очогундагы күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн күчү Ош облусунун Алай районунун Нура жана Бор-Дөбө айылдарында 3,5 баллга чейин жеткен. Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эске салсак, кечээ дагы Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Анын күчү Кочкор районунун Арсы жана Семиз-Бел айылдарында 2,5 баллга чейин жетти. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18