09:17, 29 апреля 2019, 24.kg

Уран казуу иши. Петицияга кол койгондордун саны 29 миңге чукулдады

Социалдык түйүндөрдө жарандык активисттер «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн түрүндө кол чогултуп жатышат. Учурда кол койгондордун саны 29 миңден ашты. Кол топтоо иши дагы деле уланып жатат.

Эске салсак, петициянын автору Алена Хоменко онлайн петицияга кол коюну каалагандарга сунушун киргизген болчу. 

Эске салсак, Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынып, кенди иштетүүгө толук тыюу салынды.

Буга чейин жергиликтүү тургундар кендин казылышына каршы болушуп, жер-жерлерде чакан митингдер уюштурулган. Өкмөт башчы кен иштетүүчү компаниянын ишмердүүлүгүн, экспертиза чыкканга чейин токтоткондугун айтып чыккан. Бирок, эл буга макул болбой, уран кенинин казылышы биротоло толугу менен токтотулушу керек деген пикирде. Мындан улам, бүгүн Ысык-Көлдөн тургундар жөө жүрүш менен Ак үйдүн алдына келип, өз талаптарын коюшмакчы.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18