17:17, 26 апреля 2019, 24.kg

Кытай Кыргызстандын «Бир алкак — бир жол» платформасын колдоосуна ыраазы

Кытай Кыргызстандын «Бир алкак — бир жол» платформасын колдоосуна ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу президенти Сооронбай Жээнбекоду ККП Борбордук Комитетинин саясий бюросунун туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин менен жолугушуусунда айтылды.

Ван Хунин ШКУнун алкагындагы жана «Бир алкак — бир жол» платформасы боюнча Кытайдын демилгелерин колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

«Форум абдан жогорку деңгээлде өтүп жатат. Ага ондогон мамлекеттердин башчылары катышып жатканы биздин досторубуздун —стратегиялык өнөктөшүбүз Кытайдын эл аралык аренадагы бийик аброюн көрсөтүп турат. Өткөн жылы Кытай реформалар жана ачык-айкындуулук саясатынын 40 жылдыгын белгиледи. Ушул 40 жыл ичинде Кытайдын жетекчилиги жана бардык кытай эли талыкпаган эмгек менен өлкөнү өнүктүрүүдө албан ийгиликтерге жетишти», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18