13:49, 26 апреля 2019, 24.kg

Жеңиш күнү. Согуштун бардык ардагерлерине бир жолку кошумча жөлөк пул төлөнөт

Улуу Ата Мекендик согуштун жеңиш күнүн белгилөөнүн урматына согуштун бардык ардагерлерине 1 жолку кошумча жөлөк пул төлөнөт. Бул тууралуу өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Эмилбек Бусурманкуловдун төрагалыгы алдында өткөн жумушчу кеңешмеде айтылды.

Уюштуруу-даярдык көрүү иш-чараларына тиешелүү министрликтер жана ведомстволор тартылган.

Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында митинг-реквием, майрамдык концерт өткөрүлүп, советтик мезгилдеги аскердик техника көргөзмөсү уюштурулат. Борбор калаада жана аймактарда Жеңиш күнүнө арналган көргөзмөлөр, салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлмөкчү.

Негизги масштабдуу иш-чара — «Өлбөс полк» акциясы, ал салт боюнча Жеңиш күнүндө — 2019-жылдын 9-майында өтөт.

Мындан тышкары «тегерек үстөлдөр», жождордун студенттери үчүн лекциялар, жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары үчүн 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин катышуусунда класстык сааттар пландаштырылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18